Ошто шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган «Экстремист» деп аталган алдын алуу операциясын башташты. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин максаты — мыйзам бузуулардын, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу жана коомдук тартипти чыңдоо болуп саналат.
Операциянын алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук жайларды, мечиттерди, медреселерди, диний билим берүү борборлорун жана ижарага алынган батирлерди текшерип жатышат.
Ош милициясы тургундарды, айрыкча шайлоо өнөктүгү учурунда тартипти сактоого жана провокацияларга каршы турууга чакырууда.


