19:38
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

Токмокто кардарларынын атынан насыя алган «элдик дарыгер» кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы элдик дарыгердин атын жамынып, алдамчылыкка шектелген Токмок шаарынын тургуну кармалганын билдирди.

Башкарманын маалыматы боюнча, шаардын конуштарынын биринде жашаган М.Э. аттуу аял өзүн «элдик дарыгер» катары көрсөтүп, адамдардан ар кандай шылтоо менен акча алган. Ал тургай айрым жарандардын атына насыяларды алып, каражатты өзүнө ыйгарып алган.

Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы
Фото Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы. Токмокто кардарларынын атынан насыя алган «элдик дарыгер» кармалды

Буга байланыштуу жабырлануучу Н.Ж. Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин шектүү аны 1,5 миллион сомго алдап кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Сот анын камакта алуу чечимин кабыл алды. Мындан тышкары, дагы эки жаран ушул сыяктуу арыз менен милицияга кайрылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Чүй облусунун милициясы шектүүнүн аракеттеринен жабыркаган жарандарды Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө же төмөнкү телефондорго кайрылууга чакырат: (0312) 60-73-63, (0701) 15-35-12.

Эң көп окулган жаңылыктар