19:31
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.10

Баткендеги мурдагы мунай иштетүүчү заводдогу ири өрт өчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Баткен облусунун Кадамжай районундагы мурдагы мунай иштетүүчү заводдо чыккан өрт өчүрүлдү.

Өрт саат 12:29га чейин толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар болгон жок.

Министрликтин маалыматы боюнча, өрт болжол менен 150 чарчы метрди каптаган. Өрттү өчүрүү үчүн төрт бригада тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мурда өрт тууралуу билдирүү саат 9:47де түшкөнүн билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар