Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 5, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.


