Жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга өстү. Бул маалыматтар Каржы министрлигинин документтеринде камтылган.
Январдан сентябрга чейин 314,1 миллиард сом салык чогултулганы белгиленди. Бул 2024-жылдын алгачкы тогуз айына салыштырмалуу 66,8 миллиард сомго көп болуп саналат.
Эскерте кетсек, учурдагы жылга жалпы салык чогултуу планы 394,7 миллиард сомду түзөт.
Октябрдын башында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков жыл башынан бери салык кирешелери болжол менен 212 миллиард сомду түзгөнүн, бул пландаштырылган деңгээлден 9 миллиард сомго көп экенин билдирген.


