12:11
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.09

U-23: Балбан Асан уулу Өмүрбек күрөш боюнча дүйнө чемпионатта күмүш медаль утту

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. U-23: Балбан Асан уулу Өмүрбек күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Асан уулу Өмүрбек Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалды жеңип алды. Бул тууралуу UWW сайтында жарыяланды.

61 килограмм салмактагылар арасында мекендешибиз финалда америкалык Жаксен Патрик Форрестке 12-17 эсебинде утулуп калган.

Буга чейин Асан уулу Өмүрбек Кытай, Болгария, Албания жана Түркиянын өкүлдөрүн жалпысынан 47-3 эсебинде жеңген.

Ал эми Шарип уулу Билол 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалды жеңип алды.

Эң көп окулган жаңылыктар