Талас аймактык бириккен ооруканасы 64,9 миллион сомдук медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.
Оорукана хирургиялык, диагностикалык жана реанимация бөлүмдөрү үчүн зарыл болгон заманбап жабдууларды, анын ичинде төмөнкүлөрдү сатып алууну көздөп жатат:
- Видеогастроскоптор, бронхоскоптор жана колоноскоптор — 7,9 миллион сом;
- Хирургиялык лампалар — 1 миллион сом;
- Артроскоп — 6,8 миллион сом;
- Наркоз жана дем алуу аппараттары, анын ичинде жаңы төрөлгөн балдар үчүн аппараттар — 9 миллион сомдон ашык;
- УЗИ аппараттары жана жабдуулары — 7,1 миллион сом;
- Биохимиялык анализаторлор — болжол менен 1,4 миллион сом;
- Дефибриллятор, аспиратор, УВЧ аппараттары, майыптар коляскалары, хирургиялык аспаптар жана ЛОР-блок.
Жеткирүүчүлөрдөн сунуштар 2025-жылдын 5-ноябрына чейин жалпы баанын 2% кепилдик депозити менен кабыл алынат.


