Бишкекте курулуш объектисинде коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн «Кыргыз курулуш долбоор» курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик текшерүүгө 22-октябрда социалдык тармактарга тараган видео себеп болгонун кабарлады.Кадрдан Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушта коопсуздук эрежелери бузулуп жатканын көрүүгө болот.
Ал эми, 4-разряддагы мунара кранынын машинисти М. А. К. карата өзүнчө чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле ал кран башкаруудагы уруксат кагаздарынын шайкештиги боюнча аттестациядан өткөрүлөт.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш уюмдарын КР «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын, ошондой эле курулуштагы коопсуздук техникалык талаптарын толук сактоо зарылдыгын эскертет.