19:24
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.07

Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жаңы «Мундуз ата» эркин күрөш залын ачты

Нарын шаарында жаңы, заманбап «Мундуз Ата» спорт комплексинин ачылышы болду. Ал жергиликтүү инвестор жана ишкер Айбек Моноловдун каражатына курулган.

Ачылыш аземге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышып, шаар тургундарын маанилүү окуя менен куттуктады.

«Зыяндуу адаттардан сактанган дени сак, билимдүү, ынтымактуу муундарды тарбиялоого заманбап шарттар түзүлдү», — деп белгиледи ал өз сөзүндө.

Нарын шаардык мэриясынан билдиришкендей, жаңы спорт залы эркин күрөш менен машыгууга база болуп, жаштардын активдүү жашоо образын алып, спорттук чеберчиликтерин өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Комплекс Кыргызстандын келечектеги чемпиондорун өнүктүрүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар