«Бишкек-Кант-Токмак» унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лебединовка айылында жумуш аяктоо алдында, ал эми Калинин көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки жолдун оң тарабында иштер уланууда.

Сол тарапка асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү.
Транспорт министрлиги тротуарларды жана дренаждык каналдарды орнотуу иштери башталарын билдирди. Капиталдык оңдоо Новопокровка айылынан Лермонтов көчөсүнө чейинки жолдун бөлүгүн камтыйт. Долбоордо көпүрөлөрдү оңдоо, унаа токтотуучу жайларды жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду да камтыйт.