20:28
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.07

ЕРӨБ Кыргызстандагы ГЭСтин курулушуна 1,5 миллиард долларга чейин бөлүшү мүмкүн

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбор Азиядагы ири ГЭСтин курулушуна 1,5 миллиард долларга чейин бөлүүнү карап жатат. Бул тууралуу банктын президенти Одил Рено-Бассо Reuters агенттигине берген маегинде билдирди.

Сөз болуп жаткан долбоор — бул аймактагы кайра жаралуучу энергия булактарынын эң ири долбоорлорунун бири катары саналган Камбар-Ата-1 ГЭСи. 1860 мегаватт кубаттуулуктагы ГЭС Кыргызстанды, Казакстанды жана Өзбекстанды электр энергиясы менен камсыз кылат, ошондой эле сугат дыйканчылыгын өстүрөт.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ЕРӨБ, Европа инвестициялык банкы, Евробиримдик жана үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашыруу үчүн мурда 900 миллион евролук меморандумга кол коюшкан.

Одил Рено-Бассонун айтымында, банк ар бири 500 миллион доллардан үч суверендүү насыя берүүнү караштырып жатат. Чечим өнөктөштөр менен талкууланып, Директорлор кеңеши бекиткенден кийин кабыл алынат.

ЕРӨБ президенти белгилегендей, банк иштеп жаткан бардык өлкөлөрдө кайра жаралуучу энергияга инвестицияларга кызыгуу өсүп жатат, анткени технологиялык чыгымдар төмөндөп, жашыл экономикага өтүү экономикалык жактан пайдалуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар