17:09
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Тез жардам унаалар,тик учактар жана сиреналар. Бишкекте ӨКМнын машыгуулары өтөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында 22-24-октябрь күндөрү республикалык команда-штабдык машыгуусун өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуулар КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өткөрүлүп жатат. Бул жолку масштабдуу машыгуу жер титирөөнүн оор кесепеттеринен коргонуу, алдын алууга даярдыкты күчөтүүгө багытталат.

Машыгуулардын практикалык бөлүгүндө атайын техникалар, анын ичинде өрт өчүрүү кызматтары, тез жардам унаалары, тик учактар ​​жана башка авариялык-куткаруу техникалары тартылат. Андыктан шаарда сирена жана башка техникалар үнү чыгышы мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаар тургундарын жана конокторун атайын техникадан ызы-чуу чыкса, дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар
22-октябрь, шаршемби