20:39
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Чүй облусунун мектеп окуучулары «Евразия» үй-бүлөлүк сейил багында болушту

Чүй облусундагы жети мектептен 100дөн ашуун мектеп окуучулары Кыргызстандын эң ири үй-бүлөлүк эс алуу багы «Евразияга» саякатка чыгышты. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Евразия Кыргызстан аймактык өкүлчүлүгү билдирди.

Сапарга «Евразия лицейи» программасынын алкагында «Евразия» бейөкмөт уюму тарабынан билим берүү мекемелерине тартууланган жаңы мектеп автобустары менен келген 5-8-класстын окуучулары болду.

Иш-чаранын негизги максаты — активдүү жана таланттуу окуучуларды шыктандыруу, ошондой эле аймактын ар кайсы бурчунан келген окуучулардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана достук байланыштарды түзүүгө шарт түзүү.

Мында катышуучулар ар түрдүү аттракциондордо ойноп, цирктин көрсөтүүсүн көрүштү. Ошондой эле бири-бири менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Көпчүлүк окуучулар үчүн бул биринчи жолу уюштурулган иш-чара болуп, аларга жаңы таасирлерди жана жаркын эмоцияларды тартуулады.

Бул долбоор фонддун билим берүү тармагын колдоого жана активдүү жаштардын өнүгүүсүнө багытталган системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат. «Евразия Кыргызстан» уюмунун өкүлдөрү мындай иш-чаралар окуучулардын социалдык активдүүлүгүн, демилгелүүлүгүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн, ошондой эле аймактагы билим берүү мекемелеринин ортосунда өнөктөштүк байланышты чыңдоого жардам берерин белгилешти.

Фонд алдыда Чүй облусунда гана эмес, бүткүл Кыргызстан боюнча окуучулар үчүн билим алуу, баарлашуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган программаларды улантууну пландап жатканын баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар