Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан «Ирак жана Левант ислам мамлекети» (ИГИЛ) эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү тарабынан Telegram мессенджердик тиркемеси аркылуу жалданган А.Ч.К.нын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Ал интернет мейкиндиги аркылуу эл аралык террордук топтордун идеологиясын изилдеп, бир нече жолу согуш жүрүп жаткан аймакка чыгууга аракет жасаган, ошондой эле ок атуучу куралдарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн издеген.
Бул фактынын негизинде А.Ч.К.га карата кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Каракол шаарындагы № 27 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.