04:57
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Медакадемиянын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

УКМК мурда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына таандык имараты бар жер тилкесин аныктады. Ал 1998-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн мыйзамсыз алынып, жеке менчикке өткөн.

Бирок 1992-жылдын 16-декабрындагы No1074 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары, жер тилкелери, материалдык-техникалык ресурстары менчиктештирүүгө жатпайт.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жер тилкесинин менчик ээси аталган жер участогун имараты менен бирге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өз ыктыяры менен жана акысыз өткөрүп берди.

УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар