Президент Садыр Жапаров Уланбек Сатиевди Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Уланбек Сатиев 41 жашта. Ал буга чейин УТРКнын башкы директорунун орун басары болуп иштеп, президенттин басма сөз кызматында узак мөөнөттө эмгектенген.Президенттин башка жарлыгы менен УТРКнын мурдагы жетекчиси Болотбек Тиллебаев ээлеген кызматынан бошотулду.