Быйыл, 2025-жылдын январь айынан сентябрга чейин Ветеринардык кызматтын, Мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар боюнча чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү пункттарында импорттук товарларды жана жаныбарларды алып кирүүгө байланыштуу 50 мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу Суу жана айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бардык аныкталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, товарларды чыгарылган өлкөлөргө кайтаруу актылары түзүлдү.
Жалпысынан көрсөтүлгөн мезгил ичинде товарлардын жана жаныбарлардын 130 партиясы кайтарылды.
Анын ичинде:
• Казакстанга кайтарылган 39 акт;
• Өзбекстанга 6 кайтаруу акт;
• Россияга 85 акт.
Кайтарылган продукциянын көлөмү:
• 209 жаныбар;
• 306 400 тоок жумурткасы;
• 77,2 тонна сүт азыктары;
• 145,2 тонна эт азыктары;
• 129,4 тонна тоют;
• 17786 литр кымыз.
Көрүлгөн чаралар Кыргызстанга ветеринардык жана эпизоотиялык талаптарга жооп бербеген азыктарды ташып келүүгө жол бербөөгө, ошондой эле коомдук биологиялык коопсуздукту камсыздоого жана жаныбарлардын саламаттыгын сактоого багытталган.
Ветеринардык кызмат чек ара бекеттеринде көзөмөлдү күчөтүүнү улантып, ветеринардык көзөмөл мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу боюнча системалуу иш алып барууда.