Кыргызстандагы мектептерде 2025—2026-окуу жылынын биринчи чейреги 4-ноябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуучулар үчүн күзгү эс алуу мезгили 5—9-ноябрь күндөрүнө белгиленди.
"Күзгү каникул маалында окуучуларга пайдалуу жана коопсуз эс алуу каалайбыз. Ата-энелерди балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырабыз",- деп айтылат маалыматта