Сокулук районунун Күн-Туу айылында апасына системалуу түрдө зомбулук көрсөткөн деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы А.Н., мас абалында апасы 65 жаштагы Б.К.га бир нече жолу психологиялык кысым көрсөтүп, физикалык зомбулук көрсөткөн.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин «Кыйноо» белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда шектүү буга чейин да өз энесине ушундай мүнөздөгү мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы аныкталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктун үч фактысы боюнча райондук милиция тарабынан Бузуулар кодексинин 70-беренесине (Үй-бүлөлүк зомбулук) ылайык тиешелүү протоколдор түзүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында А.Н. аттуу жаран ЖПКнын 96-беренесине ылайык камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы (https://super.kg/kabar/news/474591)