20:47
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Алдамчылар эми курулуш министрлигинин кызматкерлери атынан акча талап кылышууда

Алдамчылар өздөрүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кызматкерлери катары көрсөтүп, акча талап кылып жатышат. Бул тууралуку аталган министрликтин басма сөз кызматы эскертүү таратты.

Ага ылайык, соңку кездери белгисиз адамдар өздөрүн Курулуш министрлигинин кызматкерлери катары тааныштырып, шектүү билдирүүлөрдү жөнөтүп, акча которууну талап кылган фактылар көбөйүүдө.

«Курулуш министрлигинин мындай иштерге эч кандай тиешеси жок жана билдирүүлөр аркылуу же жеке байланыштар аркылуу акча талап кылбайт», — деп билдирди министрлик.

Расмий өкүлдөр кыргызстандыктарды кыраакы болууга, шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө жана мындай фактылар аныкталса дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар