Өзгөндө 380 орундуу заманбап оорукананын курулушу башталды. Долбоордун жалпы баасы 1 миллиард 350 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, август айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, Өзгөн жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен жеринен таанышкан. Натыйжада аталган борбордун ордуна жаңы оорукана куруу демилгеси колдоо тапкан.
Бүгүнкү күндө Өзгөн районунун калкы 290 миңден ашып, жыл сайын өсүүдө. Калктын санынын көбөйүшү менен медициналык кызматка болгон муктаждык да артууда. Ушул маселени чечүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги жалпы баасы 1 млрд 350 млн сомду түзгөн, 380 орундуу заманбап оорукана куруу долбоорун иштеп чыккан.
КР президентинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 291 тескемесине ылайык, оорукана курулушуна керектүү каражат 2025-жылга карата Турукташтыруу фондунан бөлүнмөкчү.
Оорукана президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан курулат. Бул долбоор Өзгөн районунун тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, аймактын социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.