16:27
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

U-23: Бүгүн Сербияда күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталат

Бүгүн, 20-октябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында (U23) Дүйнө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан төрт балбан килемге чыгат.

Алар:

  • 63 килограммдык салмакта Куттубек Абдуразаков;
  • 77 килограммдык салмакта Нурэл Дүйшөнбеков;
  • 87 килограмм салмакта Артыкбек Алымбек уулу;
  • 130 килограмм салмакта Нурболот Токтогонов күч сынашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
20-октябрь, дүйшөмбү