19:54
USD 87.45
EUR 102.01
RUB 1.08

Салык кызматы: Арыздан улам 13 салык кызматкери бошотулду

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын тогуз айында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жеке жана юридикалык жактардан агенттиктин кызматкерлерине карата 181 арыз түшкөнүн билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 64 кайрылуу жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн, 38 кайрылуу укук коргоо органдарынан (УКМК, ИИМ, прокуратура органдары, РИИБ жана башка) келип түшкөн.

2025-жылдын 1-октябрына карата 162 кайрылуу каралып бүтүп, 19 кайрылуу учурда кароодо турат.

Каралып бүткөн кайрылуулардын ичинен:

  • 67 кайрылуу боюнча фактылар толугу менен тастыкталды;
  • 5 кайрылуу боюнча фактылар жарым-жартылай тастыкталды;
  • 90 кайрылуу боюнча фактылар тастыкталган жок.
  • 20 кызматтык териштирүү дайындалып, анын 17си отчеттук датага карата аяктаган.

Кызматтык тартипти бузгандыгы жана кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органдарынын 126 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды, анын ичинде:

  • 51 кызматкерге эскертүү берилген;
  • 43 кызматкерге сөгүш жарыяланган;
  • 16 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган;
  • 13 кызматкер кызматтан кетирилген;
  • 3 кызматкер кызматынан төмөндөтүлгөн.

Мындан сырткары, 3 кайрылууда коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар болгон. Анын ичинен 2 кайрылуунун фактысы тастыкталган эмес, ал эми 1 кайрылуу боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын УКМКга жиберилген.

Аймактык салык органдарына келип түшкөн кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча 4 кызматкерге эскертүү берилип, тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде борбордук аппаратка жана аймактык салык органдарына түшкөн арыздардын негизинде 136 салык төлөөчү салык мыйзамдарын бузгандыгы, анын ичинде ишмердигин салыктык каттоосуз жүргүзгөндүгү, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүгү, ККМди колдонуу талаптарын бузгандыгы, ошондой эле турак жайды салык төлөбөстөн ижарага бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылган.

15 салык төлөөчүгө эскертүү берилип, ал эми 3 салык төлөөчүгө салык салуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мамлекеттик салык кызматы кызматтык тартипти бекемдөө, салык органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүнү камсыздоо иштерин улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар