12:02
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Шайлоо −2025: БШК чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкесинин тизмесин бекитти

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар добуш берүү үчүн 71 шайлоо участогун бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим мекендештердин алдыдагы парламенттик шайлоого катышуусун камсыздоо максатында кабыл алынган. Добуш берүү Кыргызстандын 33 өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдуктарында өтөт.

Шайлоо тилкелери төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылат:

  • Россия — 22 шайлоо тилкеси: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Казань, Иркутск, Владивосток, Красноярск, Воронеж, Нижний Новгород, Калуга, Сургут, Южно-Сахалинск, Хабаровск, Краснодар, Якутск;
  • Түркия — 8 тилке: Анкара, Кайсери, Эскишехир, Анталья, Аланья, Стамбул, Бурса, Измир;
  • Казакстан — 2: Алматы жана Астана;
  • Америка Кошмо Штаттары — 6: Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфия, Чикаго, Сан-Франциско;
  • Түштүк Корея — 3: Сеул, Инчхон, Сувон;
  • Италия — 2: Рим жана Кальяри;
  • Германия — 2: Берлин жана Франкфурт;
  • Кытай — 2: Пекин жана Гуанчжоу;
  • Бириккен Араб Эмираттары — 2: Абу-Даби жана Дубай.

Мындан тышкары, төмөнкү мамлекеттерде бирден шайлоо тилкеси ачылат: Сауд Аравия, Австрия, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Улуу Британия, Беларусь, Венгрия, Бельгия, Франция, Кувейт, Япония, Катар, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцария, Малайзия, Пакистан, Индия, Иран, Монголия.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталып, добуш берүүгө бир күн калганда, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт. Сыртта добуш берүүгө арыздар 28-ноябрга чейин кабыл алынат.

Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгарылып, расмий жарыяланат.

Эң көп окулган жаңылыктар