19:33
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

Окуучуларга коркунуч. Бишкектин мектептери онлайн окутууга өтпөйт

Бишкектеги мектептер кадимки режимде иштей берет. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, муниципалитет Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, окуучулар тууралуу коркутуулар менен видео тараткан адам Кыргызстандын аймагында эмес экенин билдирди.

«Тизмеге кирген бардык мектептер текшерилип, эч кандай шектүү объектилер жана коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар аныкталган жок. Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу муниципалдык мектептердин оффлайн режиминде иштөө чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин борбор калаадагы мектептерди онлайн окутууга өткөрүү чечими мессенджердик тиркемелерде тарап, окуучуларга физикалык зомбулук көрсөтүп коркуткан адам тартылган видео тарагандан кийин кабыл алынган. Милиция ал киши Украинанын жараны Ярослав Овсюк экенин аныктады. Ал телефондук терроризм үчүн эл аралык издөөдө.

Эң көп окулган жаңылыктар