23:20
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

Ош-Бишкек жолундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош-Бишкек унаа жолунун Ноокен районундагы бөлүгүндө мыйзамсыз курулган курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатканын КР Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери шаар куруу эрежелерин бузуу менен курулган жана жолдун кызыл сызыгында жайгашкан бир катар курулуштарды аныкташкан. Масы айылында ондон ашык мындай курулуштар демонтаждалууда.

Буга чейин менчик ээлерине жер тилкелерин баштапкы абалына келтирүү боюнча расмий буйруктар берилген. Бул талаптар аткарылбагандыктан, бузуу иштери азыркы мыйзамдардын негизинде жүргүзүлүүдө.

Башкармалык мындай иш-чаралар жол коопсуздугун камсыздоо жана шаар куруу эрежелерин сактоого багытталганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар