21:17
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

Чүй облусундагы клуб жана бассейнди кооператив жетекчиси мыйзамсыз ээлеп алган

Чүй облусунун Сокулук районундагы социалдык инфраструктура жана ирригациялык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы токтомунун негизинде аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу «Шопоков» АЧКсына бекитилип берилгени аныкталган. Бул чечим мыйзамсыз, анткени ал КР президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы «Социалдык инфраструктуралык объектилерин андан ары пайдалануу шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү» № 37 указында коюлган талаптарды бузган.

Мындан тышкары, мурдагы Шопоков атындагы колхоздун балансынан жаңыдан түзүлгөн «Шопоков» АЧКга жалпы суммасы 5 млн 789 миң 542 сомдук мүлктөр, клубтун имараты менен кошо өткөрүлгөн. Ошондой эле клубтун имаратына чектеш болгон 5 135 чарчы метр жер тилкесине Сокулук райондук «Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы» тарабынан жеке менчик укугун аныктоочу мамлекеттик актысы берилген. Бул жерде жогорудагы указда белгиленген талаптар одоно түрдө бузулган.

Жыйынтыгында «Шопоков» АЧКнын төрагасы З.У. тарабынан бул иштерди жөнгө салууга таасири бар бир катар кызмат адамдары менен ошондой эле Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен алдын ала кылмыштуу макулдашуулар орун алып, мыйзамга каршы чыккан туруктуу байланыштар түзүлгөн. Мындан улам З.У. системалык негизде иш алып барып, жогоруда көрсөтүлгөн социалдык объектилерди жана ирригациялык курулмаларды мыйзамсыз өзүнүн менчигине өткөрүүсү менен коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Шопоков» АЧК төрагасы З.У. камакка алынды. Ал өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин мойнуна алып, Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн балансына төмөнкү мүлктөрдү өткөрүп берди:

  • клубтун имараты 0,50 гектар жери менен;
  • аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген объектилердин базардык наркы 243 млн 590 миң сомду түзөөрү аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар