Салык кызматынын кызматкерлери Бишкекте алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз өндүрүлүп, таңгакталган кампаны аныкташты.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, имаратты текшерүү учурунда эски үлгүдөгү жана келип чыгышы күмөндүү болгон акциздик маркалар, ошондой эле бош бөтөлкөлөр, капкактар, популярдуу бренддердин этикеткалары табылган.
Алдын ала маалымат боюнча, даяр продукция борбордогу жергиликтүү базарларга таратылган.
Мамлекеттик салык кызматы жеринде протоколдор түзүлүп, экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынып, иштин материалдары кошумча иликтөө жана юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин белгиледи.