19:50
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

Кыргызстандын курулуш министрлигинин кара тизмесине 44 компания киргизилген

Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министерствосу ак ниетсиз курулушчулардын жаңыланган тизмесин жарыялады. Мекеменин кара тизмесине лицензиялык талаптарды жана курулуш нормаларын бузган 44 курулуш компаниясы кирген.

Маалыматка ылайык, компаниялар төмөндөгү себептердин негизинде кара тизмеге киргизилген:

  • курулуш-монтаж иштерин аткарууда лицензиялык талаптарды жана курулуш ченемдерин одоно бузуу;
  • берилген лицензиянын шарттарын аткарбоо;
  • мамлекеттик органдардын эскертүүлөрүнө жана көрсөтмөлөрүнө жооп бербөө;
  • курулуш тармагындагы мыйзам бузуу фактыларынын кайталанышы.

Мындай компанияларга эскертүү берилгенден кийин 90 күндүн ичинде кемчиликтерди жоюп, тиешелүү талаптарга жооп берген шартта кара тизмеден чыгарылууга мүмкүнчүлүк берилет. Бирок, белгиленген мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса, компаниянын лицензиясын сот аркылуу жокко чыгаруу процесси жургүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар