18:20
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

Бишкектин Ленин районунун 6 миңден ашуун тургуну жер тилкелерин мыйзамдаштырды

Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорунда жер мунапыс учурунда тургундарга жарлыктар чыгарылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Комиссиянын маалыматы боюнча, Биринчи май районунда 78 жыйын өтүп, анда 6801 арыз каралган. Жыйынтыгында 2316 токтом чыгарылган.

Ленин районунда жерге мунапыс башталгандан бери 6 миңден ашуун жашоочу чечим кабыл алган.

Бул демилге көптөгөн үй-бүлөлөргө жер тилкелерин мыйзамдаштырып, керектүү документтерди алууга шарт түзөт.

Шаардын бардык райондорунда тынымсыз түрдө арыздар каралып, чечимдер кабыл алынып жатканын муниципалитет белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар