Синоптиктердин айтымында, Бишкекте жекшемби күнү гана жаан жаашы мүмкүн.
16-октябрда ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн 4 градуска чейин төмөндөп, күндүз 22 градуска чейин жылуу болот.
17-октябрда күн ачык болот. Түнкүсүн 5 градуска, күндүз 24 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө.
18-октябрда ала булут каптап турат, түнкүсүн 6 градуска, күндүз 21 градуска чейин жылуу болот.
19-октябрда күндүз жаан жаап, абанын температурасы 18 градуска чейин жылышы күтүлөт. Булут каптап турат, бирок түнкүсүн кургакчыл болуп, абанын температурасы 6 градус Цельсийге чейин төмөндөйт.