20:52
USD 87.45
EUR 101.72
RUB 1.10

Орусиядагы мигранттар гепатит В жана С боюнча текшерүүдөн өтөт

Орусиядагы мигранттар гепатит В жана С боюнча текшерилет Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдиктерди милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүү тартибине өзгөртүү киргизди. Медициналык текшерүүнүн жол-жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору Россия Федерациясынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун федералдык порталында жайгаштырылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдиктерди, жарандыгы жок адамдарды жана Орусиядан качкын макамын же убактылуу башпаанек сурап кайрылгандарды медициналык кароодон өткөрүү тартибине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. 2026-жылдын 1-мартынан баштап В жана С гепатитине текшерүүдөн өтүшөт.

«Орусияга кирген жарандар курч гепатитке, ошондой эле өнөкөт вирустук В жана С гепатитине текшерилет. Учурда чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар баңги заттарын колдонууга жана башкаларга коркунуч туудурган ооруларга текшерүүдөн өтүшөт. Алардын арасында ВИЧ (анын ичинде симптомсуз инфекция), кургак учук, сифилис оорусу бар.

«Орусияда социалдык мааниге ээ оорулардын кескин өсүшү көбүнчө мигранттардын келүүсүнө байланыштуу болууда. Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлиги чет өлкөлүк жарандарды медициналык кароодон өткөрүү тартибин бузган дарыгерлерге жана медициналык мекемелерге административдик айып салуу сунушун киргизди», — деп айтылат Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунда.

Эң көп окулган жаңылыктар