00:16
USD 87.45
EUR 101.96
RUB 1.11

Кыргызстанга алынып келген дарбыз, коондун сапатына көзөмөл күчөттүлдү

Кыргызстан чет өлкөдөн алынып келинген коон-дарбыздардын сапатын көзөмөлдөө чараларын күчөттү. Бул биринчи кезекте өлкөгө импорттоо активдүү уланып жаткан дарбыз жана коондорго тиешелүү болууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо, ошондой эле нитраттардын жана пестициддердин калдыктарын текшерүү боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.

Кыргызстандын аймагына кирген ар бир партия лабораториялар текшерүүдөн өтөт. Карантиндик зыяндуу заттар жок экендигин, нитраттардын жана пестициддердин калдыктарынын деңгээли нормадан ашпаганын тастыктаган учурда гана продукцияны киргизүүгө уруксат берилет.

Коопсуздук талаптарына жооп бербеген продукцияны өлкөгө киргизүүгө жана сатууга тыюу салынат.

"Департамент импорттоочулар жана бажы органдары менен үзгүлтүксүз кызматташып, ички рынокко сапаттуу жана коопсуз продукция гана жеткирилип турушун камсыз кылууда",-деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар