17:12
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Эртең Бишкектин Жибек Жолу проспектиси унаа кыймылы үчүн толук ачылат

Жибек Жолу проспектисин реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштери Жибек Жолу проспектинин түштүк тарабында Ибраимова көчөсүнөн Осмонкула көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Бул аймакка жол белгилери коюлуп, эртең, 23-октябрда Жибек Жолу проспектиси унаалар үчүн толугу менен ачык болот.

Улан Бейшенбаев 2025-жылга Аламүдүн дарыясындагы көпүрөнү кеңейтүү менен Жибек Жолу проспектисин Осмонкула көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери пландалып жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
22-октябрь, шаршемби