21:25
USD 87.45
EUR 100.46
RUB 1.08

COVID-19. Ооруканада жаткан 126 бейтаптын абалы өтө оор

COVID-19 илдетинен ооруканада 3 миң 137 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ооруканада жаткан 126 бейтаптын абалы өтө оор, 865тики оор абалда.

3 миң 826 адам үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада 3 миң 373 ПЧР анализ жүргүзүлүп, анын 386сынан вирус аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар