03:11
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баалар төмөндөшү мүмкүн

Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков 24-kg.com агенттигине Казакстан менен Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын айтып берди.

Макулдашуулардын айрым бөлүктөрү иштелип жатат. «Казакстан болгону бензин жеткирип берет, дизель жана реактивдүү май алардын өзүндө жетишсиз», -деди Алымбек Орозбеков.

Азырынча аткаминерлер күйүүчү-майлоочу май качан алынып келинээрин айта алышпайт. Казакстанда макулдашуу ратификацияланышы керек. Маалыматка таянсак, күйүүчү майга болгон баалар төмөндөшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар