20:12
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

ИИМ: Кыргызстанда педофилдердин саны өсүүдө

Кыргызстанда педофилдердин саны өсүүдө. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы 110 бала зордукталган. 2017-жылы 151 бала сексуалдык зомбулукка дуушар болду.

«Балдар көбүнчө, 80 пайызы десек болот, жакындары тарабынан зордукталат», — дейт Курсан Асанов.

Анын айтымында, 2017 жылы бачабакдык боюнча 121 иш сотко жөнөтүлгөн.