Жогорку Кенештин депутаты Исхак Масалиев шайлоодо ат салыша албайт. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Боршайкомдон билдиришти.
Алардын айтымында, парламентарий топтогон 36 миң 673 колдун 30 миң 470и жараксыз деп табылган.Талапкер болуп катталуу үчүн 30 миңден кем эмес кол тапшыруу керек.