Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун тергөөчүлөрү коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиети билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү К.у.О. атуу жарандан 3000 доллар талап кылган. Тагыраагы, милициянын капитаны ага карата 2024-жылы декабрында алдамчылык фактысы үчүн башталган текшерүү иштерин токтотуп берүүнү убада кылган.
Милициянын каптина О.Г. жана К.у.О.нун сүйлөшүүлөрүнө Араван райондук милициясынын тергөөчүсү, милициянын капитаны С.Н. ортомчулук кылган.


