15:31
USD 87.45
EUR 102.51
RUB 1.12

Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды тараткан шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды тараткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баңгизатты таратууга катышкан кылмыштуу топ аныкталганы айтылды.

Ысык-Көл аймагында мурда соттолгон төрт адам кармалган. Тергөөчүлөр алар баңгизаттарды жасап жана таратып жүргөн деп болжолдошууда. Шектүүлөр жашаган үйлөрдү тинтүү учурунда баңгизаттар, ошондой эле аларды өндүрүү үчүн колдонулган жабдуулар табылган.

Алар тергөө камак жайына алынды.Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар