76-Берлинале эл аралык кинофестивалынын уюштуруучулары 22 тасмадан турган кеңири сынактык программа даярдашкан. Бул тууралуу Deadline басылмасы билдирди.
Негизги сынакка Корнел Мундручонун «Деңиз жээгинде», Ален Гауминин «Тао», Ева Тробиштин «Үй окуялары», Грант Гинин «Бил Эвансты баары жакшы көрөт» жана башка тасмалар кирет. Эң мыкты тасманы немис режиссёру Вим Вендерс жетектеген калыстар тобу аныктайт.
Дебюттук тасма программасында 13 долбоор, анын ичинде Мюриел д’Ансембургдун «Чыныгы жылаңачтык», Абдалла Аль-Хатибдин «Курчоонун хроникалары», Ассаф Махнестин «Кайда?» жана башкалар көрсөтүлөт. Сынактан тышкаркы программада Ульрике Оттингердин «Кандуу графиня», Гор Вербинскинин «Ийгилик, көңүл ачуу жана өлүм», Марк Мундендин «Чымындардын кожоюну» жана Сэм Данн менен Том Мореллонун «Иуда Прист жөнүндө баллада» даректүү тасмасы көрсөтүлөт.
2026-жылдагы Берлинале 12-февралдан 22-февралга чейин өтөт. Ачылыш тасмасы ооган режиссёру Шарбану Садаттын «Жакшы адамдар жок» тасмасы.


