Бишкек шаарында 20 жашка (U-20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, экинчи турда Кыргызстан Түштүк Африкадан келген кесиптештерин 7:2 эсебинде жеңди.
Кыргызстандын курама командасы ишенимдүү оюн көрсөтүп, атаандашын жеңип, дагы 3 упайга ээ болду. Буга чейин биринчи турда кыргызстандыктар Гонконгдун курама командасын 4:1 эсебинде утуп алышкан.
Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг командалары чемпиондук наам жана 3А дивизионундагы орун үчүн ат салышууда.Үчүнчү турдун беттештери 21-январда өтөт. Анда Кыргызстандын курама командасы Ирандын курама командасына каршы ойнойт.


