20:31
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

УКМК: Коргоо министрлиги жүздөгөн миллион сомдук зыяндын ордун толтурду

Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын бири тарабынан өлкөнүн Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 млн 587 миң 870 сомду түздү. Бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында толугу менен өндүрүлдү.

УКМК Коргоо министрлигинин коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.
Эң көп окулган жаңылыктар