12:40
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Былтыр Бишкектеги тамактануу жайларына 23,3 миллион сом айып пул салынган

Бишкектеги тамактануучу жайларга 2025-жыл үчүн 23,3 миллион сом айып пул салынган. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, «тамак-аш гигиенасы» беренеси боюнча аныкталган эреже бузуулар үчүн 1728 жаза (айып пул) салынган. 171 мекеменин иши токтотулган.

Мурда өтө кир абалдагы жана суусу же канализациясы жок тамак-аш жайлары эреже бузуулар оңдолгонго чейин убактылуу жабылары кабарланган.

Белгилей кетүүчү нерсе, 15-январда Бишкекте дагы бир массалык тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Жабырлануучулардын жыйырма үчөө медициналык жардамга кайрылган. Тамак-аш тейлөө мекемесине айып пул салынып, жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар