Бүгүн, 16-январь саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан жолду тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин 17-19-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, бийик тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү жана кар күрткүсү түшөрү кабарланган.


