17:10
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

2025-жылы «Кыргыз темир жолу» 420 миңден ашык жүргүнчү ташыган

2025-жылы «Кыргыз темир жолу» 420 миңден ашык жүргүнчү ташыган. Бул тууралуу аталган мамлекеттик ишканадан билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар өлкө ичинде «Бишкек-Токмок», «Бишкек-Кайыңды» жана «Бишкек-Балыкчы» боюнча жана эл аралык деңгээлде «Бишкек-Казань», «Бишкек-Москва» боюнча үзгүлтүксүз каттамдары улантууда.

2025-жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларынан күн сайын Бишкекке жумушка барып-келип турган жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен поезддердин жүрүү графиги өзгөртүлдү. Ал бир топ ыңгайлуу болуп, аларга жумушка өз убагында келип, жумуштан кийин үйлөрүнө кайтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Бишкек-Балыкчы» каттамында дагы эки VIP вагону колдонууга киргизилди. Жалпысынан компания алты люкс вагонду модернизациялап, өзүнүн генератордук вагонун иштеп чыкты, ал бүт поездди керектүү электр энергиясы менен камсыз кылат.

Туризм потенциалын өнүктүрүү максатында, быйыл жүргүнчүлөрдү борбордук пляжга жеткирүү үчүн Балыкчы станциясынан көл жээгине чейинки алты чакырым темир жолду капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында он жуп туристтик поезддер да жүрдү. Алардын коопсуздугу белгиленген тартипте камсыздалды. Ошондой эле, Бишкек-2 темир жол станциясында жана Балыкчы станциясында туристтерди салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
15-январь, бейшемби