00:23
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Акыйкатчы Чүйдөгү чет элдиктерди кармоо борборунун абалы менен таанышты

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Чүй облусундагы чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборундагы шарттарга, ошондой эле кармалгандардын укуктарынын сакталышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борбору «Манас» аба бекетине жакын, мурдагы «Ганси» аскердик базасында жайгашкан.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине аталган борборго кирүүгө эки ирет тоскоолдук жаратылган. 2025-жылдын 28-октябрындагы биринчи тоскоолдуктан кийин Аскер прокуратурасы кийлигишип, жооптуу кызматкер тартиптик жазага тартылган.

"Ошондон кийин гана, 2025-жылдын 3-ноябрында Акыйкатчы институтуна борбордо мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттарында жана алардын укуктарынын сакталышында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Мониторинг учурда борбордо 160 адам кармалып турган.

Чет элдиктерди кармоо борборунда кандай мыйзам бузуулар аныкталган:

  • Борбордун санитардык-гигиеналык шарттары канааттандырарлык эмес абалда,
  • Имараттын ичиндеги дааратканалар жабык болуп, короого үч биотуалет орнотулган,
  • Имарат эки блоктон туруп, анда жылытуу системасы жок болгондуктан, төрт бөлмөсү гана кондиционерлер менен жылытылат,
  • Короосунда жайгашкан душ кабиналары болсо убактылуу, колдо жасалган конструкция түрүндө курулган,
  • Борбордун штатында ашпозчу болгонуна карабастан, чет өлкөлүк жарандар тамак-ашты өздөрү сыртта даярдайт

Бирок 2025-жылдын декабрында кызматкерлер кайрадан барганда, аларды дагы бир ирет киргизбей коюшкан. Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө кайрадан тоскоолдук көрсөтүлгөндүгү боюнча акт түзүлүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Акыйкатчы Институту жабык жайларга мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук — андагы укук бузууларды жашыруу аракети катары бааланарын белгилейт. Мындан тышкары, мекеме кармалгандарда туугандары, адвокаттары жана котормочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк жоктугун кошумчалады.

Акыйкатчы институту аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча Министрлер Кабинетине расмий кайрылуу жолдонгонун билдирди. Омбудсмен Ички иштер министрлигин институттун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылган кызматкерлерге чара көрүүнү жана Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунун ишинин ачыктыгын камсыздоого чакырат.

Акыйкатчы институтунун билдирүүсү боюнча Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар