2025-жылы борбор калаадагы турак жай баалары 26,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Кыймылсыз мүлк рыногунда Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлердин жана турак жай имараттарынын орточо бааларынын жогорулаганы белгиленген.
Агенттиктин маалыматы боюнча, баанын эң жогорку өсүшү жеке батирлерде катталган — 21,7 пайыз. Андан кийин 105 сериясындагы батирлер — 18,9 пайыз, 308 сериясындагы батирлер — 17,7 пайыз жана 104 сериясындагы батирлер — 17,4 пайыз болгон.
Ош шаарында 104-сериядагы батирлердин баасы 26,9 пайызга, 105-сериядагы батирлердин баасы 24,4 пайызга, ал эми жеке менчик батирлердин баасы 11,6 пайызга жогорулаган.
Бишкектеги турак жайлардын чарчы метринин орточо баасы 26,8 пайызга өскөн. Эң чоң өсүш Свердлов районунда (+37,11 пайыз) байкалган. Ош шаарында турак жай баалары 37,04 пайызга өскөн.
Кыймылсыз мүлк бааларынын өсүшү инфляциядан ашып түштү, 2025-жылы орточо жылдык көрсөткүч 9,2 пайызды түзгөн.
Баса, Эл аралык курулушчулар ассоциациясынын өкүлү Кайнарбек Кулуев мурда Кыргызстандагы турак жайлардын баасы 2025-жылы 36 пайызга өсөөрүн билдирген. Анын айтымында, Бишкектеги баалар 26 пайызга, ал эми батирлердин баасы 18,5 пайызга өскөн. «Турак жайды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн саны 9,1 пайызга азайган, ал эми рыноктун көлөмү акчалай түрдө көбөйгөн эмес», — деди адис.


