16:03
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Ош аймагында жер көчкү: Куткаруучулар көлөмүн, кооптуулугун такташууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер көчкү тууралуу маалыматты иликтөө үчүн Ош облусунун Кара-Кулжа районуна барышты.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн Кара-Кулжа районундагы Шаркырама айылында жер көчкү болушу мүмкүн деген маалымат келип түшкөн.

Бүгүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин 3 кызматкери, 1 офицер, ошондой эле айыл аймактан 1 кызматкер тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти.

«Алар жер көчкүнүн көлөмүн, кооптуулугун жана башка маалыматтарды тактоо иштерин жүргүзүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-январь, шаршемби