Ала-Арча жаратылыш паркында бутун жаракат алган кишиге жардам берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору жагында жайгашкан шаркыратма тилкесине эс алууга чыккан эркек киши бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ала-Арча паркында нөөмөттө турган Эдельвейс куткаруу кошуунунун 3 куткаруучусу тартылып, 45 жаштагы М.Н. аттуу жаранды Бишкек шаардык № 4 ооруканасына жеткирип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда абалы туруктуу.


